"Ухан вирусу": Дүйнөдө 8 миллиондон ашуун адам ооруну жеңди

Бүгүн, 22-июлга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 14 миллион 893 миң 706 адам жуктуруп алды. Анын 8 миллион 429 миң 518 бейтабы айыгып чыкса, тилекке каршы 617 миң 364 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 3 миллион 897 миң 429 адамдан коронавирус аныкталып, 141 миң 969 адам каза болсо, 1 миллион 182 миң 18 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 159 миң 654 адамдан аныкталды. 81 миң 487 адам каза болсо, 1 миллион 555 миң 339 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 155 миң 354 адам вируска кабылган. 28 миң 84 бейтап көз жумса, 724 миң 578 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ZUXRIDDIN20
2020-07-22 07:41:10
8 млн эмес 9 млн жеңди
-1
Эльвира Караева
2020-07-22 16:34:02
ZUXRIDDIN20, 9 миллионго жете элек, жеткенде кабар кылып чыгарабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан