Бүгүн, 26-июлда Москвадан Бишкекке 410 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын катарында 17 бала бар. Өлкөгө кайтып келем деген Кыргыз жарандары көп. Бул каттамдын тизмеси комиссия тарабынан түзүлгөн.
Өзгөчө каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана балалуу аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, оор илдети бар, жакында эле хирургиялык операция жасаткан, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.