"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Чаткал районунда коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери ооруканага жатпай, Жалал-Абаддан атайын күч органдары келип, күчкө салып, анан жаткырышыптыр" деген маалымат жөнөткөн. Окуяны тактоо үчүн SUPER.KG порталы Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге байланышып, төмөнкүдөй маалымат алды.
"Медицина кызматкерлери ооруканага алгач жатпай жатышкан, аларга мен барып жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жатышты. Учурда Чаткал районунда медицина кызматкерлеринин баары карантинге алынган. Коронавирус катталган Каныш-Кыя айылындагы башкы дарыгерден коронавирус аныкталды. Ошого байланыштуу 42 медицина кызматкеринен коронавируска ПЦР-анализ алынган, алардын 41и "таза" чыкты. Бүгүн карантинге алынган дарыгерлер менен жолуктум. Тесттин жыйынтыгы кандай чыгат экен деп кыжалат болуп жатышкан экен, аларга тесттин жыйынтыгын угуздум.
Элде "Дарыгерлерди ооруканага жаткыруу үчүн Чаткалга ОМОН, спецназ келиптир" деген сөз чыгып кетиптир. Аларды тартип сакчылары десек туура болот. Алардын куралдары жок, күндө айыл аралап элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Тартип сакчылары бир тарап, эл бир тарап болбосун деп аларга жергиликтүү тургундардан куралган элдик кошуундарды коштук. Бизде медициналык коргоочу кийимдер, дары-дармектер жетиштүү. Элдин кооптонуусуна негиз жок", - дейт аким.
Эске салсак, буга чейин Чаткал районунун акиминин орун басары Асел Чынасова коронавируска шектелген 120 адамдын ПЦР-анализин текшерүүгө жөнөтүп, жооп күтүп жатышканын билдирген.