Өлкөдө 644 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Өлкө боюнча 29-марттан 6-апрелге чейин 644 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, эмдөө иштери өз нугунда жүрүп жатат. Эмдөө алган жарандар катталган аймактар:

Бишкек шаарында - 214;

Чүй облусунда - 109;

Ош шаарында - 258

Ош облусунда - 20;

Ысык-Көл облусунда - 43.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген.

Учурда эмдөө иштери Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда, Ысык-Көлдө жүрүүдө. Биринчилерден болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөн. Алгач медицина кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын, укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлери өтөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан