Кыргыз өлкөсүнө керектүү азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз алып келүү боюнча Орусия, Казакстан менен келишим түзүлгөнү айтылды

Бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйынга мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Каныбек Айдаров дагы катышууда.

Анда өлкө боюнча коронавирус менен күрөшүп жаткан мамлекеттик органдарды бардык жактан камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы жана дагы кошумча акча каражатын бөлүп берүү маселеси каралып жатканы айтылды.

"21-марттан баштап көптөгөн долбоорлор токтотулду. Бирок азык-түлүктү өлкөгө алып келүү боюнча маселе жок", - дейт Боронов.

Буга кошумча материалдык резервдер фондунун төрагасы Каныбек Айдаров резервде ундун көлөмү жетиштүү экенин айтты. "Кыргыз өлкөсүнө керектүү азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз алып келүү боюнча Орусия, Казакстан менен кошумча келишим түзүлгөн", - деп жооп берди Айдаров.

Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө дагы 42 адам вирусту жуктуруп алганы аныкталган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан