Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министри Насим Олимзоданы кызматтан алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буйрук президенттин расмий сайтына жарыяланган. Анда Олимзода башка кызматка которулганы үчүн кызматтан алынганы жазылат. Анын ордуна "Истиклол" республикалык ден соолук борборунун директору, медицина илимдеринин кандидаты Жамолиддин Абдулзода саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министри болуп дайындалды. Аналитиктердин пикиринде, Олимзода коронавирустун алдын алууда жана инфекцияга каршы күрөшүүдө ыкчам аракеттерди жүргүзбөгөнү үчүн кызматынан кол жууган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстанда коронавирусту 230 адам жуктуруп, 3 бейтап каза болгон.