Коронавирус инфекциясынын очогунда иштеп жаткан орусиялык дарыгерлер чылым чеккен адамдар коронавирус менен аз ооруй турганын байкашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мындай көрүнүштү байкагандыгын алгач Арман Азарян жана Артур Юсупов аттуу дарыгерлер айтышкан. Коронавирус инфекциясынын очогунда иштеген дарыгерлер иш учурунда чылым чеккен адамды дээрлик көрүшпөгөнүн билдиришкен. Бейтаптардын оору тарыхын карап чыгышып, алардан сурамжылоо жүргүзүшкөндө, 130 бейтаптан 11и гана чылым чегерин же мурун чегип, таштап коюшканын айтышкан.
Буга чейин Кытайдын февраль-март айына берген статистикасына ылайык, чылым чеккендер вирус жуктуруу коркунучу көп болгон топко кирген. Ал эми франциялык окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, коронавирустун оор түрү менен ооруган 350 бейтаптын 4,4 пайызы гана чылым тартканын билдиришкен. Ошондой эле "JAMA" аттуу илимий-медициналык журналы коронавирустун оор түрү менен ооруган 84 пайыз бейтаптар чылым чекпегендигин айтышкан.
Окумуштуулар чылым чеккен адамдарда АСЕ2 рецептору азайып кетерин жана вирус так ошол рецепторго таасир этерин маалымдашкан.
Мындай кызыктуу фактыларды бөлүшкөнү менен дарыгерлер чылым чеккен адам коронавируска кабылбайт деген так аныктама чыга электигин жана чылым башка ооруларды козгогондуктан чегүүгө үндөшпөй тургандыгын билдиришет.