"Бүгүнкү күнгө чейин жардам бериле элек". Зардалы элинин карантин маалындагы жашоосу (маек, фото, видео)

2020-жылдын 18-мартында Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдетине кабылган алгачкы жарандар аныкталган. Мындан улам 22-мартта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган. Андан көп өтпөй 25-мартта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилген. Бул аралыкта экономикасы дээрлик токтоп калган облус, шаар, район жана айыл аймактарына өзгөчө көңүл бурулуп, жумушсуз отурган калктын аярлуу катмарларына азык-түлүк жактан жардам көрсөтүлүп, бул үчүн атайын эсепке акчалар которулууда. Жардам туш тарапка тарап жатат. Аймактар боюнча статистикада өзгөчө алыс жайгашкан айыл аймактарына, Кыргыз өлкөсүнө караган анклавдар, эксклавдарга дагы көңүл бурулуп жатканы байма-бай айтылып келет.

Ошолордун арасында эмнегедир бир да жолу Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн тоо таянган Зардалы айылы тууралуу сөз болгон жок. Коронавирус каптай электе деле оор шартта жашап жаткан жарандарыбыз карантинде кандай күн кечирип жатканын билүү үчүн Зардалы айылынын башчысы Абдулазиз Маатов менен байланыштык.

- Саламатсызбы! Зардалыдагы жашоочулардын абалы кандай? Карантинде кыйналган жоксуңарбы? Ооругандар болгон жокпу?

- Саламатчылык! Учурда айыл ичинде абал тынч эле. Кудайга шүгүр, ооругандар жок. Карантин маалында айылдын туруктуу жашоочулары азык-түлүктөн кыйналдык. Себеби биз жакта дүкөн жок да. Мурун жакынкы айылга барып ташып келчү элек. Коронавирус катталгандан бери ал жерлер да жабылып калды. Жардам сурайлы десек байланыш түйүнү жок. Чынында бизде көп кыйынчылык күндөр өтүп жатат. Албетте, кыйынчылыкка көнгөн айылбыз, бирок карантин шартында эки эсе кыйналдык десем туура болот го.

- Сиздерге карантин маалында азык-түлүк жактан жардам көрсөтүлгөн жокпу?

- Жок, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жардам боло элек.

- Айыл эли кыйналып жатканын айтып кайрылып көрдүңүздөрбү? Дегеле сиздерден кабар алгандар болдубу?

- Ошол өзгөчө кырдаал учурунда 20 чакырым жол басып телефон тарткан жерге келип, айылдын жашоочулары өкмөт башчыбызга кайрылуу жасадык эле. Ошондо өкмөт башчыбыз жакынкы айылдагы дүкөндөн муктаждыктарыбызды чечип туруубузду сунуштаган. Шартка байланыштуу өкмөт азырынча жардам бере албай тургандыгын билдирген.

- Азык-түлүк маселесинен тышкары дагы кандай жардамга муктажсыздар?

- Бизге бүгүнкү күндө суу тегирмен эң зарыл болуп турат. Аны бүтүп алсак, айылдан өстүрүлгөн буудай, жүгөрүлөрдү иштетип, жок дегенде ун маселесин чечип алат элек. Айрыкча өлкө башына оор абал түшкөндө, бизге аябай эле оор болуп калат экен. Учурда элдик ашар жолу менен эски суу тегирменди жаңылоону баштадык. Ушул жагынан жардам берилип калса, айыл эли ыраазы болобуз.

Андан тышкары бизде телефон тартпайт, электр энергиясынын кубаты үйгө жарык бергенге гана жетет. Башка муктаждыктарга колдоно албайбыз. Негизи Зардалыда электр энергиясы деле жок болчу. Былтыр айыл боюнча эки үй-бүлө кубаттуулугу 12 Вольт болгон чакан ГЭС сыяктуу агрегат орнотушкан. Бирок анын кубаттуулугу жарык бергенге гана жетет. Бул агрегат бир гана үйдү жарык кылууга кубаттуулугу жетет. Ал эми айыл боюнча мындай шайман 2 гана үйдө бар. Айрымдары күн батарейкаларын пайдаланышат. Алдыбызда чоң дарыя агат. Аны пайдаланып мамлекет тарабынан ГЭС курулат деген убада берилген. Андан деле үмүт үзбөй турабыз.

- Абдулазиз байке, "Зарыл ишиң болбосо Зардалыга барбагын" деген сөз дагы деле актуалдуу. Окурмандар арасында телефон тартпаса, жарык жок болсо, жолу начар болсо ал жакта жашоонун кажети барбы деген суроо жаралышы мүмкүн.

- Туура айтасыз, антип айткандар дагы жок эмес, биздин айылга келе электер шарты жакшы жерге көчүп кетпейсиңерби деп көп айтат. Бирок бул жерди бизге аталарыбыз мураска калтырып кеткен. Анын өзүнчө бир керемети бар. Экинчиден, биз бул жактан кетсек, бул жер бат эле ээленип калат.

- Маегиңизге рахмат! Тезирээк бардык көйгөйлөрүңүздөрдүн чечилип кетишине тилектешпиз.

"Унутта калган айыл" Зардалы айылынын карантин маалындагы жашоосу
Тарыхка айланган Зардалы айылы
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2020-05-06 22:07:47
Зарыл ишин болбосо Зардалыда б.. барбы деген ушул да. Чыдап тургула туугандар, шайлоого жакын барышат чондор.
+15
KAPAGAT
2020-05-07 01:02:40
Ушул айылга баргым келе берет,
+11
Mister-X
2020-05-07 05:49:57
Мен да акыркы убакта шаардан тажадым.Ушундай интернети жок,ушак,имиштер жок тоонун боорундагы айылда жашагым келип жүрөт.Карачы шаркырап суу агып турат,тоонун таза абасы.Мээ сергип,дене сонун эс алат эле.
+13
suban78
2020-05-11 09:48:05
Мен да видеону коруп ушул жакка кетип калсамбы деп ойлондум эле. Мендей ойлонгондор коп окшойт.
Кобуроок мал, кой алып барып тыынч жашай берсен сонун болсо керек.
+3
Nargizab
2020-05-11 10:02:18
Сонун жерго. Мен башкача элестетчумун аябай кооз тоолу жер экен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан