Санкт-Петербургда карантинден качып кеткен жаранга полиция кызматы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы жаран 21-мартта Швейцариядан кайтып келген. Аэропортто ага 2 апта бою үй карантинине жатыш керек экендигин эскертишкен. Бирок ал эшикке чыгып жүргөн, мындан улам 26-мартта жаран "Заря" пансионатына карантинге жаткырылган. Бирок кийинки күнү ал качып кеткен. 28-март күнү укук коргоо органдары аны кармап, кайрадан карантинге жиберген.
Жаранга карата мыйзамдын 30- жана 326-беренелери менен кылмыш иши козголгон. Аталган берене боюнча өлкө ичинде алгачкы жолу кылмыш иши козголуп жатат. Мурда мындай жорук үчүн административдик берене менен гана жаза берилчү.
Кылмыш иши козголгон жаран коронавирус менен ооруйбу же жокпу так жазылган эмес.