Бишкекте бет капчан жерге кулаган жигиттин окуясынын чоо-жайы

Кечээ, 24-мартта социалдык тармактарда тротуарда жаткан эркектин видеосу тараган. Бул учур боюнча Бишкек шаарынын ыкчам медицина борборуна 2020-жылдын 23-мартында саат 15:08де Сухэ-Батор жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эс-учун жоготкон адам жаткандыгы тууралуу билдирүү келген. Дарыгерлер ал адамды текшерген учурда андан спирт ичимдигин ашыкча колдонгондугу аныкталган.

Бүгүн, 24-мартта аталган жаран 25-жашта экендиги жана ал Ысык-Көл облусунун Н.Ч аттуу тургуну экени такталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Аталган жаран Көк-Жар конушунда жашары аныкталып, ал текшерилгенден кийин үйүнө жеткирилген. Дарыгерлер анда приступ болгонун жана ал оорусу боюнча каттоодо турарын айтышкан. Учурда анын абалы туруктуу. Жарандын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Мэрия социалдык тармактар аркылуу такталбаган маалымат таратпоону суранат. Фейк маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат. Мындай кырдаалда 103 "Тез жардам" кызматына же мамлекеттик эпидемиялык көзөмөл борборунун телефонуна байланышса болот

Байланыш телефону: 0555 92 02 41, 0705 025 010.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gitaris93
2020-03-24 10:59:52
Приступ болсо эмне мас дейсиңер текшербей туруп
+2
Sabyr_Baymatov
2020-03-24 14:11:19
gitaris93, текшерген үчүн мас деп атышат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан