Иранда 132ге чукул мечит ачылып, ишин баштайт

Иранда коронавирус пандемиясынан улам жабылган 132 мечит бүгүндөн баштап ачылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөдө март айында жабылган 132 чакты мечит ачылып, иштей баштарын билдирген. "Учурда массалык сыйынуудан социалдык дистанцияны сактоо маанилүү" деп эскерткен президент.

Ошондой эле 16-майдан тартып өлкөдө мектептер ишке кирип баштары пландалууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Иранда 97 миңден ашуун адам коронавирус илдетин жуктуруп, 6 миң 203 жаран каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан