Депутат Наталья Никитенко жарандардан коронавирус менен оорубагандыгы тууралуу маалымкат талап кылуу туура эмес экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Азыркы учурда маалымкат талап кылуу боюнча талкуу жүрүп жатат. Бизде премьер-министр жетектеген республикалык штаб түзүлгөн же бизде дагы штабдар пайда болдубу? Алар ар кандай чечимдерди кабыл алып жатышат. Чечим кабыл алуу үчүн элге шарт түзүп берүү керек. Маалымкат талап кылган туура эмес", - деди Никитенко.