Бүгүн, 3-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынын берди.
Жыйын учурунда Узарбек Жылкыбаевге: "Базарлар ачылды. Ал эми футбол аянтчаларынын иштөөсүнө уруксат бериле элек. Бул жакта базарларга салыштырмалуу ооруп калуу ыктымалдуулугу азыраак да", - деген суроо узатылды.
"Базарда бири-бирине байланышта болбой коюуга мүмкүнчүлүк бар. Ал эми футболдо оюнчулар тыгыз байланышта болот. Топ аркылуу дагы жугуп калышы мүмкүн. Ошол үчүн медиктер спорт аянтчаларынын иштешине уруксат бере элек. Андыктан сиздерди сабырдуулукка чакырам. Эгер аянтчага келип, футбол ойногон бир эле адам ооруну жуктуруп алган болсо, андан ары анын үй-бүлөсүнө, дагы башка адамдарга вирус тарап кетет. Себеби футбол бул командалык оюн", - деди Жылкыбаев.