Исландиянын бийлиги коронавирустук инфекцияны жеңгендигин жар салды. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 1 миң 799 адамдан оору аныкталса, анын 1 миң 750сү айыгып чыккан.
"Тилекке каршы оору 10 адамдын өмүрүн алып кетти", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта ооруган 39 адам гана калган, алардын үчөө ооруканада дарыланууда, калганы үй карантининде.