Коронавирус менен жабыркап, андан айыккан Испаниядагы Кыргыз жараны оору тууралуу айтып берди (видео)

Коронавирус илдетине кабылып, андан айыккан Элдос Орозобеков аттуу Кыргыз жараны өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында оору тууралуу айтып берди.

Учурда ал Испаниянын Барселона шаарында жашап, окуганы белгилүү. Ал өз сөзүндө коронавирус жуктуруп алганын айтып, аныктамасын дагы көрсөткөн.

"Алгач мен сасык тумоо болуп ооруп калдым деп ойлодум. Дене табым көтөрүлө баштады. Башында 37, бир нече күн өткөндөн кийин 38 жарымга чейин көтөрүлдү. Ошондо менчик клиникалардын бирине кайрылдым. Ал жактан мага коронавирус жуктуруп алганымды айтышты. Анализдердин баарын алышкандан кийин парацетамол жазып берип, үйдө жатып дарыланууга жөнөтүштү. Бул ооруга кабылганда саламаттыгың иммунитеттен көз каранды. Тагыраагы, вирус менен иммунитеттин күрөшү жүрөт. Дарыгерлер мага парацетамол ичип, үйдөн чыкпай, эрежелерди аткарып жана туура тамактанууну көрсөтмө кылышкан. Анын баарын аткарып, ооруну жеңил көтөрдүм жана айыктым.

Бирок мен 19-25 жаштардагы катуу ооруган жигиттерди көрдүм. Алар жасалма дем алдыруучу аппараттарга муктаж болушту. Андыктан бул вирус конкреттүү бир адам же курак үчүн эмес, бүтүндөй улут үчүн коркунуч жараткан илдет десек болот. Башында мен деле вирустун мага тиешеси жоктой мамиле жасагам, бирок баары бир аны жуктуруп алдым.

Учурда Испанияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 миң адамга жетти. Ал эми андан каза болгондор 4 миңдең ашуун. Андыктан мекендештерге айтарым, үйдө отургула жана үй-бүлөңөрдүн жанында болгула", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Орозобеков окуусуна байланыштуу ТИМдин жана консулдуктун жардамы керек болгонун, бирок конкреттүү жардам ала албагандыктан, Барселона шаарындагы окуу жайда билимин улантуу боюнча көйгөй жаралып калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Испанияда жашап жаткан Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганын жана андан кантип айыкканын айтып берди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zevs
2020-03-31 13:06:12
Den soolugun dyn bolso. Meen iwtep tursa dagy bawka okuu jayga otup alasyn. Atanyn akchasyna okusan el aytmakchy kysyp uydo otur anda
+1
robot111
2020-03-31 13:20:24
Эгерде кимдир бирөө бул коронавирус ага же анын үй-бүлөсүнө тийбейт десе, анда ал чоң жаңылышат! Европаны карагылачы, биз алардан мыкты туруштук бере алабыз дейсизби? Ошол эле Италияда, Испанияда, Улуу Британияда жана Германияда технологиялар, акча жана сапаттуу медицина бар. Бирок атүгүл алар да азыр шайлары ооп жатат. Андыктан уйбулообуз менен тынч уйдо отуралы.
+10
chake
2020-03-31 13:18:40
настроение бешке этият бол дагы повторно тийип жүрбөсүн
+3
Jaznura
2020-03-31 13:29:00
Сактаналы!
+3
Krai
2020-03-31 14:32:00
Азаматсын эң жакшы бир балекеттен кутулуп алыпсың
+4
mirkaa5182
2020-03-31 15:25:10
Бул вирус өнүккөн өлкө,өнүкбөгөн өлкө деп бөлбөйт экен.Вирус ким сактанса ошого жукбайт экен.
+6
kasiko
2020-04-01 12:50:48
Негизи тестин баасы канча турат? Ким билет? Уйдо карантинде отурганча оз алдыбызча, тест жургузсок канча болот экен деп ойлоп жатам. Экономика аябай артка кетип жатат, салык толонбосо кийинки айда айлык, пенсия, поссобия кандай толонот, макул бул ирет чет жактан алган кредит менен толонуп жатат, ошол чет жактан келген жардамга тест сатып алып жапырт турдо элди текшерип кимде бар же жок экенин билип дарылап баштаса болмок, антпесе Италиянын мисалын кайталап калабыз
0
kasiko
2020-04-01 12:53:54
Кытайды кордук, убагында токтотту, алар Италияга окшоп женил стмптомдору бар кишилерди уйдо калтырбай, заматта ооруканага жаткырышты, ошол учун курмандыктар аз болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан