Футболчу Мохамед Салахтан коронавирус аныкталды

Англиянын "Ливерпуль" футболдук клубунун египеттик чабуулучусу, атактуу футболчу Мохамед Салахтан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Египеттин футбол ассоциациясынын расмий сайтына жарыяланды.

"Ливерпулдун жылдызы Салах коронавируска чалдыкты. Андан оорунун белгилери байкалган жок. Ал изоляцияда жана жакынкы аралыкта дагы бир жолу тест тапшырат", - деп жазылган билдирүүдө.

28 жаштагы Мохамед Салах "Ливерпуль" клубунда 2017-жылдан бери ойноп келет. Бул жылдар аралыгында ал Чемпиондор Лигасын, УЕФАнын Суперкубогун жана клубдар арасындагы Дүйнөлүк Кубокту жеңип алган. Мындан тышкары, өткөн сезондо "Лиеврпуль" менен 30 жылдан бери биринчи жолу Англия Премьер-Лигасын (АПЛ) жеңип алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан