Өлкөдө коронавирус оорусунун алдын алуунун негизинде билим берүү мекемелери убактылуу жабылган. Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын аймагында жогорулатылган даярдык режими киргизилди. Режим киргизилгендигине байланыштуу шаар мэри Азиз Суракматов шаардагы компьютердик клубдарга барды. Рейддин жүрүшүндө компьютердик клубда мектеп окуучулары жүргөнүн айтып, клубдун жетекчилигине эскертүү берди.
"Карантин окуучулардын үйдө болушу жана коопсуздугу үчүн жарыяланган. Коопсуздук үйдө болгондо гана жаралбайт. Урматтуу мектеп жетекчилери, ата-энелер, мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо балдарыңыздарды үйдөн көбүрөөк чыгарбай турууну суранам. Биз жакынкы күндөрү дагы рейддерди жүргүзөбүз", - деп билдирди шаар мэри.