Польшанын Мейсце-Ожаньске айылында 10 жылдан бери биринчи ирет уул бала төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган айылда 2010-жылдан бери жалаң кыздар төрөлүп келгендиктен мэр Раймунд Фришко эркек бала төрөлсө, ата-энесине сыйлык берилерин билдирген. "The New York Times" гезитине берген маегинде Фришко кандай сыйлык болорун чече электигин, бирок ымыркайдын атынан көчөнү атоо тууралуу ойлонуп жатканын айткан.
Ошентип, 10 жыл өткөн соң 2-майда айылда көптөн күткөн уул бала төрөлгөн. Ага ата-энеси Бартек деген ысым ыйгарышкан. "Азыр коронавирус пандемиясын башыбыздан өткөрүп жаткан учурда сонун кабар болду. Ымыркай Мейсце-Ожаньске айылына келечекке үмүт берди", - деген мэр.
Азырынча ымыркайдын ата-энесине сыйлык бериле элек. Сыйлык тапшыруу аземин пандемияга байланыштуу жана ата-энесинин элге чыгуусун каалабагандыгынан улам артка жылдырышкан.