Бүгүн, 8-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу брифинг өттү.
Брифинг учурунда "РСК банктын" эки кызматкеринен коронавирус аныкталганы айтылды. "Оору жуктургандардын бири Бишкектеги банктын кызматкери, учурда дарыланып, үйүнө чыгарылган. Экинчиси Чаткал районундагы филиалдын кызматкери. Экөө тең байланышта болгондор", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.