Премьер-министр: "Өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыялоо маселесин бүгүн чечебиз"

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өтүүдө. Анда депутат Алиярбек Абжалиев өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү сунушун айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азыркы учурда эки райондо өзгөчө кырдаал жарыяланганын айтты. "Өзгөчө кырдаал киргизгенге мыйзамда жол бере турган шарттар керек. Бүгүн ушул маселени чечели деп жатабыз", - дейт ал.

Депутат бүгүн бул маселени кароо керектигин белгилеп, эртең кеч болуп каларын айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан