"Өлүкканага маркумдардын сөөктөрү батпай калган". Америкалык дарыгерлер коркунучтуу маанайды чагылдырган сүрөттөрдү көрсөтүштү

Америкадагы Синай Грейс ооруканасынын медицина кызматкерлери журналист Маршал Коэн аркылуу мекемедеги коркунучтуу маанайды чагылдырган сүрөттөрдү коомчулукка көрсөтүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Коомчулукка тараган сүрөттөрдөн маркум жарандардын жансыз денелери уктоочу бөлмөлөрдө, бош бөлмөлөрдүн полдорунда турганын көрсө болот.

"Коронавирустан улам каза болгон адамдардын сөөктөрү өлүкканаларга батпай калгандыктан, дарыгерлер маркумдардын сөөктөрүн бош бөлмөлөргө, уктоочу жайларга коюп турууга аргасыз болушкан", - деп айтылат маалыматта.

Бул абалдан улам кийинчерээк кошумча өлүк сактоочу муздаткычтар ооруканага алып келингенин аталган оорукананын маалымат кызматынын өкүлү Брайан Тейлор маалымдап, коомчулукту кабардар кылган.

АКШда акыркы убакытка алынган маалыматка ылайык, 637 миң 716 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 52 миң 619 жараны айыкса, 30 миң 826 бейтап көз жумду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Tolkun555
2020-04-16 18:01:19
Спектакль
-21
Store
2020-04-16 18:28:57
Дагы бир драма, дагы бир чыгарма.
-24
souza.j
2020-04-16 18:50:34
Бизде да эл ишенбей баратат. Маска тагынбайт. Айтсан кулушот.
+26
Islambek123
2020-04-16 19:28:52
Ложь
-18
maks94.kb
2020-04-16 21:01:17
Куралсыз согуш десек болчудпй
+10
rola
2020-04-16 21:12:45
Алла сактасын.
+14
asanaliev.s
2020-04-16 22:27:10
Кудай сактасын мындайдын жузун нары кылсын.Эртерек отуп кетсе екен атын очкур.
+6
Ziregim
2020-04-16 22:29:36
Ушулардын ичинде адам чын эле барбы
-2
ZHYRGAL.balalaika
2020-04-17 00:05:37
Спектакль,драма,ложь дегендер ушул силерге окшогондордун азабынан медицина кызматкерлери жабыр тартып жатат.Бир жеринерди беш жерден кысып сактанып уйдо отургула.
Бул кудайдын бир сыноосу кандай сабак болуп жатат терен ойлонсонор баамдай аласынар,кудай шыпаасын берет ишенип койгула аз калса КЕРЕК.....
+9
Store
2020-04-17 02:31:25
ZHYRGAL.balalaika,ХХХХХ)). Кыргызстанда беш жүзгө жакын адамга вирус жукту деп жатышат, бирок ушул эле жерге көптөгөн адам кирет, бирок кимиси айтты мен тааныган же менин досум, кошунам, тууганым жуктуруп алды деп? Эч ким айта албайт, себеби бул жөн эле саясий оюн. Вируссуз деле күндө жашы улгайгандар ооруп, каза болуп турганы нормалдуу эле көрүнүш.
-5
munduz2016
2020-04-17 07:49:59
Store,мен кошулам пикириңе,эч бир далил көрбөй жатабыз
-3
rtuiop
2020-04-17 12:04:55
Store, туура кунуно сен айткандай жашы улгайгандар олуп атат мен айткандай эл айткандай авто кырсыктан андан ашык олуп атат БИРОК бул вирус не болуп калыптыр и так деле олуп атпайбы деп журо берсек бул ото тездик менен жуккандыктан ааламда адам бат кырылып калат тигил бугул олумдорду вирустун олумдорун кошкондо
0
Kuyoo_bala
2020-04-17 00:09:12
Кытай дуйно жузуно биологиялык согуш жарыялаптыр анда...Европа менен Америка катуу жабыр тартууда.Кытай дагы бир жолу кыйындыгын далилдеди.
+1
admin_portal
2020-04-17 10:48:00
iryi1, ар бир темада флуддап жүргөнү үчүн БАН!
0
ady-88
2020-04-17 12:18:49
Калп
0
Cvbn
2020-04-17 12:42:24

Кимисине ишеничти да билбей калдык. Бири вирус жок дейт,бири бар дейт
0
Kanybekkyzy
2020-04-17 14:35:34
Бирок эч кандай далил жокко,эл ишенгидей кылып корсотсо болот эле.Ооругандар Ким экенин билбейбиз жада калса только ооруду деп санын айтып койоттор
0
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-17 15:22:10
Спальныйда жатканы тируу окшойт кыймылдап атат))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан