Ооганстандын саламаттыкты сактоо министри Ферозуддин Фероз коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.
Дарыгерлер министрдин абалы канааттандырарлык экенин айтып, ал үй карантинине чыкканын билдиришкен.
Буга чейин өлкөнүн президенттик администрациясынын 40 кызматкери оору жуктуруп алганы белгилүү болгон. Мындан улам Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана жубайы тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканы белгиленет.
Маалым болгондой, бул мамлекетте 3 миң 563 адам COVID-19 инфекциясы менен жабыркап жатат.