Эртең Жогорку Кеңеште өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу маселеси каралат

Эртең, 30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулушат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалымат боюнча, жыйындын күн тартибинде бир эле маселе коюлган. Анда өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режимин узартуу маселеси каралат.

28-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков "Президенттин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал 10-майды кошуп эсептеген мезгилге чейин узартылууда.

Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан