Андыктан кызматкер менен байланышкан адамдар жана №1 СИЗОнун бардык кызматкерлери, ошондой эле кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү менен тиешелүү чаралар көрүлгөн жана бардыгынын анализдеринин жыйынтыктары таза болуп чыккан. 5-майда вируска шектүү кызматкердин кайталанган ПЦР анализинин натыйжасы таза чыккан жана үй шартында көзөмөлдөөдө болгон. ЖАМК Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык инфекциялык ооруканасынан аталган кызматкер 7-майдан тарта стационардык дарылоого жаткырылгандыгы тууралуу маалыматты бүгүн, 8-майда алды. Учурда вируска шектелген кызматкер медициналык көзөмөл астында экени анык. Анын ден соолугуна даттануусу жок, абалы канааттандырарлык", - деп айтылат маалыматта.
Учурда ЖАМКнын медициналык кызматы тарабынан кызматкерлерди коронавирус боюнча алдын алып аныктоого тестирлөө жүргүзүү улантылып жатат. ЖАМК Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта Жазаларды аткаруу системин бөлүп көрсөтүү одоно көрүнүш экенин жана бул маалымат коомчулукту беймазага саларын билдирет.