Алгоритм өзгөрдү. Бейтаптардын дене табы 38 градустан төмөндөбөй, пневмония аныкталса дарылоого алынат

Эгер бейтаптын дене табы 38 градустан түшпөсө, ПЦР-анализдин жыйынтыгын күтпөстөн ооруканаларга жеткирилет. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

"Бейтаптарды дарылоо алгоритми өзгөрдү. Ага ылайык, эгерде жарандын дене табы 38 градустан түшпөсө, пневмония бар экени аныкталса, анда бейтапты атайын даярдалган дарылоо жайларына алып барып, дарылоо жүргүзөбүз. Алардан ПЦР-анализ алынганы менен анын жыйынтыгын күтүп отурбайбыз. Өз алдынча дене тапты түшүрүүгө аракет кылбастан, эртерээк медициналык жардамга кайрылыңыздар", - деди Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tomiris96
2020-06-29 10:57:36
Менин чакырганыма эки кун болду. Эч кимден дайын жок,башым ооруп жыт сезбей жатам, аэропорттон текшерууго алышкан эмес
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан