"Айрымдар бейтаптарга коронавирусту атайын эле жуктуруп койгондой мамиле жасашты". Жалдагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунан маек

6-майда Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборунда медициналык кызматкерлер менен бейтаптар коронавирус жуктуруп алганы маалымдалган.

Анда гематология бөлүмүнө дарыланганы келген баланын энесинен коронавирус аныкталган. Натыйжада бардык бейтаптар, оорулууларды карап жаткандар жана медициналык кызматкерлер текшерилип, ПЦР диагностика 2 ымыркайдан, 3 энеден жана 2 медициналык кызматкерден, жалпысынан 7 адамдан коронавирус бар экенин тастыктаганы кабарланган.

Буга байланыштуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, айрымдары медициналык кызматкерлерди күнөөлөгөнгө чейин барышты. Бул мекемеге оору кантип жеткени тууралуу, дегеле окуянын чоо-жайы жана бейтаптардын абалын билүү үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Камчыбек Узакбаев менен байланыштык.

- Саламатсызбы! Камчыбек Аскарбекович, окуя тууралуу айтып бере аласызбы.

- Саламатсыздарбы, алгач биздин борбордун гематология бөлүмү тууралуу кыскача маалымат бере кетейин. Себеби инфекция аныкталган жарандын баласы дал ушул бөлүмдө дарыланып кеткен эле.

Гематология бөлүмү - өлкө боюнча жалгыз адистештирилген бөлүм. Бул жерге аз кандуулук, кандын ар кандай курч формасы менен жабыркаган оорулуулар келип дарыланышат. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу бул күндөрү гематология бөлүмү дагы өмүрүнө өтө коркунуч жаралып жаткан бейтаптарды гана кабыл алып жаткан. Гематологиялык оорулуулар менен жабыркаган адамдын канында лейкоцит, эритроцит клеткалары жана иммуноглобулини кескин азайып кетет дагы анын иммунитети аябай төмөндөйт. Демек, ал бейтаптын башка илдетти дагы жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошон үчүн биз мүмкүн болушунча гематология бөлүмүндө жаткандарды изоляцияда кармоого жана кирип, чыккандарды көзөмөлгө алууга аракет жасап жатканбыз.

23-мартта Жалал-Абад облусунан 2 жаштагы наристе өтө оор абалда "Тез жардам" менен келген. Аны апасы карап жаткан. Текшергенде экөөнөн тең бул оорунун белгилери аныкталган эмес. Эне, баланы жиберген мекеменин бейтап жана анын апасы коронавирус аныкталгандар менен байланышта болгон эмес деген аныктамасы дагы бар эле. Бала гематология бөлүмүндө 25 күн жатып дарыланды. Алар 23-мартта келип, 17-апрелде сакайып, ооруканадан чыгарылган. Чыккандан кийин бир аптадай Чүй облусундагы туугандарыныкында болуп, 24-апрелде Жалал-Абадга кайтышыптыр. Облустун кире беришинде эне менен баланы кайрадан текшерүүгө алышат. Ошондо баланын апасынын анализи оорунун белгилери бар экенин көрсөтөт. Жыйынтыгы чыккандан кийин бизге 29-апрелде маалымдама жөнөтүлөт.

Окуя катталары менен дароо эле алар менен бирге жаткандар жана аларды караган 22 медициналык кызматкер текшерилип, анализ тапшырган. Жыйынтыгында 9 жана 15 жаштагы өспүрүмдөрдүн, аларды карап жаткан 3 эненин жана 2 медицина кызматкеринин анализи илдеттин белгилери бар деп чыккан. Ооруга жалпысынан 7 адам чалдыккан. Медицина кызматкерлеринин бири - палатаны караган дарыгер, бири кенже медициналык кызматкер. Калган балдардыкы, карап жаткан 8 эненики жана 20 биздин медициналык кызматкердин анализи таза чыккан.

- Республикалык штаб ооруга 2 ымыркай чалдыкты деген маалымат таратыптыр. Сиз берген маалыматта 9 жана 15 жаштагы өспүрүм деп жүрөт?

- Бизде бир да жаңы төрөлгөн ымыркай ооруга чалдыккан жок.

- Учурда ооруга чалдыккан бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин абалы кандай?

- Баарынын акыбалы жакшы. Кызматкерлерде оорунун белгилери жок формада өтүүдө. Алгоритм боюнча алар жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылып, дарыланып жатышат. Калган 12 бала жана 8 эне оорулуулар менен байланышта болгон делинип обсервацияга алынды. Алар башка бөлүмгө которулуп, дарылануусун улантып жатышат. Корпуста толугу менен дезинфекция жүргүзүлдү. Байланышта болду делинген ар бир баланы өзүнчө палатага жаткырдык. Андан тышкары 20 медициналык кызматкер обсервацияда бизде эле жатат. Бизде өздүк коргонуучу кийимдер жетиштүү эле болчу, ага карабай мындай учур катталды. Бул окуя болгонго чейин кызматкерлер эки жолу анализ тапшырып, жыйынтыгы таза чыккан.

- Учурда штаттагы абал кандай, медицина кызматкерлеринин арасында кооптонуу жаралган жокпу?

- Окуядан соң медициналык кызматкерлер арасында, албетте, кооптонуу болду. Мындай учурда дарыгерлер үй-бүлөсүн, балдарын да ойлоп абдан кабатыр болушту. Экинчиден, психологиялык дисбаланс, стресс медицина кызматкерлери арасында дагы болду. Үчүнчүдөн, айрым жалпыга маалымдоо басылмаларынын өкүлдөрү жана айрым адамдар бизге байланышып, медицина кызматкерлери бейтаптарга атайын эле ушул ооруну жуктуруп койгондой мамиле жасашты. Мындай күмөн саноо биздин жамаатка өзгөчө оор тийди. Кызматкерлер үйлөрүнө барбай күнү-түнү иштеп, абалы оор бейтаптардын өмүрүн сактоо үчүн күрөшүп жатканда мындай сөздөр оор эле тийет экен. Ошондуктан айрым кызматкерлерибиз иштебейбиз дегенге чейин барышты, бирок кайра өздөрүн колго алып, ишин улантып жатышат.

Медицина кызматкерлери ишке чыкпай койсо, жардамга муктаж оорукчандарды ким дарылайт? Андыктан мен коомчулукка кайрылып кетким келет. Медицина кызматкерлерине түшүнүү менен аяр мамиле жасасак! Ансыз деле өлкөдө гематолог дарыгерлер өтө жетишсиз. Биз деле ар бир бейтаптын тезирээк айыгып, үйлөрүнө аман-эсен кетишин ар дайым Кудайдан тилеп келебиз.

- Сиздердин борбордо коопсуздук чаралары кандай каралган? Келген адамдар канча этаптуу текшерүүдөн өтүшөт?

- Биздин борбор республикалык болгондуктан, бардык аймактан ооругандар келишет. Айрыкча эпидемиологиялык абал башталганда мекеме күнү-түнү кызматта болуп ишин токтоткон жок. Эпидемия башталганда Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен бардык пландуу оорулууларды кабыл алууну токтотконбуз. Кечиктирилгис медициналык жардамга муктаж жана өмүрүнө коркунуч жаралган бейтаптарды кабыл алуу уланып келет. "Тез жардам" менен келген оорулууларды кабыл алып жаттык. Көбүнчө жаңы төрөлгөн наристелер жана кош бойлуу энелер кайрылат. Бир күндө 120дан 150гө чейин балдар жана 10дон 15ке чейин кош бойлуу энелер түшүп жатты. Бардык бейтаптарды жана анын жанындагыларды кабыл алууда аралыктан дене табы текшерилип, чек-баракча толтуртуп, анамнезин чогултабыз. Башкача айтканда, министрлик тарабынан берилген алгоритм менен бардык санитардык талаптар аткарылат. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Анамнез деген эмне - бул ар бир адамдын жашаган, жүргөн жери, байланышта болгон адамдары тууралуу дыкат маалымат чогултуу. Ал адам кайсыл жактан келди? COVID-19 менен жабыркагандар менен байланышта болдубу? Мына ушул текшерүүлөрдөн кийин жаткырылат. Бирок жогоруда айткандай, көп адамдарда оорунун симтомдору билинбейт. Мындан улам текшерген күндө деле адам вирус алып жүрүүчү болуп калышы мүмкүн.

- Коронавирус бар экенине ишенбей, "бул жөнөкөй сасык тумоо, коркунуч жок" дегендерге кандай жооп берет элеңиз?

- Мындай ой бир гана биздин атуулдарда эмес, башка мамлекеттин жарандарында да жаралууда. Оору тууралуу айтсак, учурда бир гана Кыргыз өлкөсү эмес, дүйнө жүзүн чөгөлөткөн илдеттердин бири болууда. Илимий аталышы COVID-19 же SARS-CoV-2 болгон бул жаңы инфекциялык оору өтө жугуштуу, демек, коркунучтуу оорулардын катарын толуктайт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да оорунун клиникалык картинасы өтө көп кырдуу экенин байма-бай айтып келет. Бүгүнкү күндө вирус жуктургандардын 50-63 пайызында оорунун белгилери жок болуп, билинбей өтүшү мүмкүн. Биздин өлкөдөгү инфекцияга чалдыккандардын көбү оорулуу экенин сезбегендиктен, учурунда инфекцияны жугузуп алганын билбей калышат. Мындай учурда алар дарыланууга кечирээк келип калган учурлар бар. Бирок алар инфекцияны алып жүрүүчүлөр катары башкаларга жуктурарын унутпаңыздар. Буга көңүл коштук менен кароо өзүбүздүн ден соолугубузга кайдыгерлик менен карагандай болот.

- Камчыбек Аскарбекович, маегиңиз үчүн рахмат! Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан