"Республиканын аймагына тарап жаткан гуманитардык жардам Талас облусуна дагы жетип, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылып берилди", - деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов.
Анда айтылгандай, жардамдар "Исмаил Матраимов" фондунан бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жардамы менен берилүүдө.
"50 тонна ун жана 3 миң даана бет капты жергиликтүү бийлик жана активдүү жаштар тиешелүү даректерге жеткирүүгө көмөк кылышты, аларга ыраазычылык билдиребиз. Мындан тышкары ишемби күнү Талас облусуна дагы кошумча 50 тонна ун жөнөтүлөт.
Белгилей кетчү нерсе, касиеттүү Талас жергесинде илдет катталган жок. "Исмаил Матраимов" кайрымдуулук фондунун жамааты таластык туугандарыбызга ден соолук каалап, кырсык-оорулардан алыс болуӊуздар деген тилегибизди билдиребиз", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.
Буга чейин өлкөнүн башка аймактарына да аталган фонддун жардамдары жеткирилген.