
Испаниялык окумуштуулар деңизге, көлгө же бассейндеги сууга түшүүдө коронавирус жуктуруп алуу коркунучу бар экенин айтышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, көлдүн же деңиздин туздуу суусу вирустун деактивдешүүсүнө алып келет. Бирок башка сууларда вирус сакталып, аны жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан улам ал жактарда коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл.
Ошондой эле адамдар вирусту суудан чыккан соң жуктуруп алышы толук мүмкүн. Бирок окумуштуулар көлдүн же деңиздин туздуу суусу ультрасыя чагылуунун таасири болуп, жогорку температурага чейин ысыган кумда дагы вирус деактивдүү болушу мүмкүн экендигин болжолдошкон.
Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 3 миллион 937 миң 813кө жетти. Алардын арасынан 1 миллион 319 миң 447 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 276 миң 863 адам каза болду.