Соль-Илецк шаарынан келгендердин 51и Талас облусуна кетишти. Алар Талды-Булак постунан обсервацияга алынды

Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келгендер обсервациядан чыгарылып, анын ичинен 51 жаран 18-майда Талас облусуна кетишти. Облуска кайткан жарандар Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Мындай маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ар бир жарандан буга чейин 2 жолу ПЦР-анализ алынып, “таза” деген жыйынтык чыккан. Бирок коопсуздук үчүн 51 адам Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылды. Алардан кошумча ПЦР-анализдер алынып, обсервацияга дагы 5 күн жаткырылат.

Ал эми социалдык түйүндөрдөгү “бийлик өкүлдөрү обсервацияга алынгандарды уруп-сабады” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, сырттан келген адамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей, бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 жаран жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Djumahmatov
2020-05-19 17:30:38
Ит эле болгон турбайбы дагы 20 Кун кармасалар экен билишмек чыр салбай эле жатсак болмок экен деп окунуп калышсын
+3
katerina.li
2020-05-19 20:07:53
Аа атта. Жаман болуптур. Талас таза депеле алып келе бересинерби
-1
bekmaral
2020-05-19 21:25:14
Тополон чыгаргандар ушуларбы?Таласка барып эми тополон кылыша берет да не болуптур.Бишкек
те баш оорутуп отурабы.Айтканды угушпаса таза Таласты да балчыктатат да эми туугандарына жугузушуп.
+1
Arstan18.18
2020-05-20 02:26:26
Кандай акмак тушунбогон адамдар битта Талас облусу таза турганда!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан