Бүгүнкү күнгө карата Казакстандан 4-жаран коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлүнө таянып, казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
"4-ирет коронавирус жуктурган учур катталды. Ал 1976-жылы туулган Казак жараны, Алматы шаарынын тургуну. Ал 13-март күнү Германиядан учуп келген", - деген өкүл.
Учурда Казак жараны Алматы шаарындагы көп профилдүү медициналык борбордо жатат.
Эске салсак, бүгүн Казакстанда алгач 2 жаран коронавирус жуктурганы аныкталган. Андан көп өтпөй үчүнчү жаран вирус жуктурганы маалым болгон.