№17 үй-бүлөлүк медицина борборунун коронавирус жуктурган кызматкерлеринин баары айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-май күнү өткөн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"№17 үй-бүлөлүк медицина борборунун 8 кызматкеринен коронавирус аныкталган. Алардын баары дарыланып, үйлөрүнө чыгарылган", - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.
Эске салсак, 17-апрель күнү алгачкы ирет №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы 4 кызматкерден коронавирус аныкталганы маалым болгон.