Жалал-Абад шаары боюнча 55 ишкана ишин жандантты. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Майрамбек Адылбеков онлай маалымат жыйынында билдирди.
"1-майдан тарта өнөр жай ишканаларына, курулуш, менчик жана мамлекеттик нотариустарга, соода чөйрөсүнө, сулуулук салондору жана такси кызматындагыларга комендатура тарабынан иштөөгө уруксат берилди. Алар атайын чыгарылган буйруктун негизинде иштеп жатышат. Белгилей кетүүчү нерсе, санитардык-гигиеналык нормаларды так сактап, берилген талаптарды аткара алган ишканаларга гана уруксат берилди", - дейт Майрамбек Адылбеков.