Сутка ичинде дезинфекциялоо иштерине 82 куткаруучу тартылды

Өлкөдө коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул иштер жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүүчү унаалар менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылып жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришет.

9-май күнү өлкө боюнча 11 миң 460 чарчы метр имараттын ичи, 38 миң 130 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 49 миң 590 чарчы метр аймак жана 370 миң 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 82 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 209 миң погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 395 килограмм хлор, 210 литр суюк хлор колдонулду;

Нарын облусунда 560 чарчы метр имараттын ичи, 3 миң 580 чарчы метр имараттын сырты жана 12 миң погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 67 килограмм хлор колдонулду;

Талас облусунда 4 миң погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 20 килограмм хлор колдонулду;

Ош облусунда 7 миң 100 чарчы метр имараттын ичи, 3 миң 50 чарчы метр имараттын сырты дезинфекцияланып, 285 килограмм хлор, 70 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 3 миң 800 чарчы метр имараттын ичи, 31 миң 500 чарчы метр имараттын сырты, 145 миң 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 371 килограмм хлор колдонулду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан