Мессенжерлер аркылуу "окуу класстарын хлор менен тазалагандан кийин балдар ууланат" деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
* Окуу бөлмөлөрүн тазалоодо колдонулган хлордун пайызы өтө эле төмөн жана ал бат учуп кетет.
Мындай нымдуу тазалоо окуу класстарында гана эмес, ошондой эле стационарларда дагы жүргүзүлөт;
* Ошондой эле күзгү-кышкы маалда курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоого чалдыккандар көбөйгөн учурда кабыл алууга даярдануунун алкагында балдар стационарларында атайын балдар үчүн орундуктар даярдалган. Учурда бардык балдар стационарлары штаттык тартипте иштеп жатат;
* Балдардын арасында стационарларга массалык түрдө кайрылуулар байкалган жок.
Суук тийүү ооруларын алдын алуу максатында курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоону, анын ичинде жаңы коронавирус инфекциясын профилактикалоо чараларын сактоого чакырабыз.
Курч респиратордук вирустук инфекцияны жана сасык тумоонун алдын алуунун негизги принциптери:
* Ооруп калсаңыз сөзсүз түрдө бет кап тагыныңыз, коомдук жайларга барбаңыз, дарыгерге кайрылыңыз;
* Сасык тумоого каршы эмделүүгө жетишпей калгандар организмдин коргоо күчтөрүн колдоп туруу керек: тамак-ашта көбүрөөк жашылча-жемиш, ит мурун, карагат жана башканын негизинде жасалган витаминдик суусундуктарды, ошондой эле даяр витаминдик препараттарды пайдалануу. Сарымсак менен пияздын курамында вируска каршы күрөшкөн фитонциддер бар;
* Өздүк гигиенаны сактаңыз. Кол алышуулар, эшиктин туткаларын, коомдук унаада кармагычтарды кармоо – мунун баары инфекцияны жуктуруу жолдору. Колду тез-тез жууп туруу зарыл, өзгөчө жагымсыз эпидемиологиялык кырдаал учурунда;
* Сейилдеп келгенден кийин колуңузду самындап жууңуз. Көчөдө көпкө чейин болсоңуз, тамакты жана бетиңизди кир колуңуз менен кармабаңыз, антибактериалдык нымдуу кагаз, дезинфекциялык жана антисептикалык гелдерди колдонуңуз;
* Мүмкүн болушунча кол алышуулардан, адамдар көп чогулган жайларга (соода аянттары, коомдук унаа, кеңселер жана башка) баруудан баш тартыңыз;
* Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозуңузду жана мурдуңузду бет аарчы менен жабыңыз;
* Пайдаланылган нымдуу кагазды таштанды кутусуна ыргытыңыз;
* Эгерде бет аарчы/нымдуу кагаз жок болсо алаканга эмес чыканак бүгүлүшүнө чүчкүрүп, жөтөлгөнгө көнүңүз, анткени адатынча алакан менен оозду жабуу колдор жана тиричилик буюмдары аркылуу инфекциянын жайылышына алып келет;
* Дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен нымдуу тазалоо жүргүзүңүз, ал жуктурулган кир чаң бөлүктөрүн дем алуу тобокелчилигин азайтат;
* Балдар жок болгондо бөлмөлөрдү желдетип туруу керек;
* Организмиңизди чыңдаңыз;
* Организмдин жалпы каршылык көрсөтүүсүн жогорулатуу үчүн сергек жашоо негиздерин сактаңыз. Сөзсүз күнүнө жок дегенде 7-8 саат уктап, 3-4 жолу тамактануу талап кылынат;
* Оорунун алгачкы белгилери пайда болгон учурда дарыгерге кайрылыңыз. Анткени өз убагында дарылоону баштоо – тез арада айыгып жана туруктуу калыбына келүүнүн кепилдиги болот.