Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген 500дөн ашуун жарандын 55инен коронавирус аныкталганын айтты. Айтымында, жүргүнчүлөр коомдук транспорт менен чогуу келгендиктен вирусту бири-бирине жуктурууга мүмкүн болгон.
"Чет өлкөдөн кайткан жарандар 4 күн бою жол жүрүшкөн. Алар коомдук транспорт менен чогуу келгендиктен коронавирусту жуктуруп алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындан улам коомдук транспорттун кооптуу экенин эскертип, такси кызматын пайдаланууга чакырабыз", - деди Үсөнбаев.