Өкмөт башчы: "Эпидемиологиялык кырдаал күчөй турган болсо, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам"

Бүгүн, 1-октябрда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берди.

"Коронавирус пандемиясына байланыштуу биздин өлкөдө жалпы статистика 46 миң 841ге жетти. Жаңы учурлардын саны күндөн күнгө көбүрөөк катталып жатканын көрүп жатасыздар. Бүгүнкү сан – жалпы 172, анын ичинен ковиддин көрсөткүчү көбүрөөк болуп жатат – 112, пневмония – 60. Бул бизди тынчсыздандырууда. Биздин кээ бир аймактарда Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда абал өзгөрүп баратат. Жогорку деңгээлдеги адистерди жөнөттүк.

Бул сандарды коркутуу үчүн эмес, эпидемиологиялык кырдаал көңүлдөн тышкары калбаса экен деген ойдо берип жатабыз. Бул кырдаал бизди өтө кооптондурууда. Ошол эле мезгилде оору мындан ары да сасык тумоо жана курч респиратордук оорулардын айынан коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал күчөй турган болсо, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам”, - деди Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан