Кытайда акыркы суткада 14 жарандан коронавирус аныкталды. Алардын бири көп убакыттан бери вирус каттала элек Ухан шаарынан чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Азыркы учурда Хубэй провинциясында 68 миң 129 адамдан вирус катталган. Алардын 50 миң 334ү Ухан шаарынан. Ал эми 63 миң 616 адам айыгып чыкса, алардын 46 миң 464 адам Ухандан. 4 миң 512 адам каза болсо, 3 миң 869 адам Ухан шаарынан болот.
Учурда Кытайда 82 миң 901 адамдан вирус аныкталган.