Бишкекте Клексан дарысын 14 миң сомго чейин жогорулаткан алып-сатарларга карата кылмыш иши ачылды

Бишкекте дары-дармектердин баасын жогорулатып сатуу менен алектенгендерге карата кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында эл арасындагы дүрбөлөңдөн пайдаланып айрым дарыларды сатып алып, кайра аны жогорулатылган баада адамдарга өткөрүп жаткан жарандар аныкталганы айтылат.

"Финполдун кызматкерлери шаар боюнча бир нече жайларга барышкан. Алардан контролдук сатып алуу жүргүзгөндө Клексан дарысын айрым физикалык жактар 8 миң сомдон 14 миң сомго чейин сатышканы аныкталган. Аларды текшерүүдө жанынан сатууга уруксат берген лицензиясы жана тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда Эономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы дары-дармектердин баасын тескөө максатында рейддерди жүргүзүп жатат", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asman779
2020-07-12 17:20:37
Ошондой тапкан Акча менен Бир жеринер бутолсо бутоп алгыла, бирок бул дуйнодон болбосо да оо дуйнодон жооп бересинер.
+11
AdylbekB84
2020-07-12 18:35:24
Штраф жазып коюуп бербей 6 айдан 1 жылга чейин камасаңар башкаларга сабак болот же коомдук иштерге 500 -600 саатка тарткыла!
+6
Aselya_9105
2020-07-13 09:39:43
Элдин убалын ойлогулачы кагылайындар! Ушундай жол менен тапкан акчага байып кетем деп ойлоп жатасыңарбы?! Эч качан жукпайт ал акча, ырыскысын, берекесин бербейт ал акча. Эл душманы болбогула!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан