Жумуш берүүчүлөргө өзүнүн кызматкерлерине унаа уюштуруп берүү сунушталат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда онлайн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Комендатура тарабынан буга чейин берилген өткөрмө кагаздары бүгүн 24:00дө жокко чыгарылат. Жеке автоунаада себепсиз жүрүү сунушталбайт.
Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендер үчүн шаар ичинде жылып жүрүүгө ишкананын катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында тастыкталган аныктамасы керек. Мында салык кызматында көп адамдын топтолушун болтурбоого жумуш берүүчү муну тизме боюнча өзү ишке ашырышы туура болот. Бул маселени мэрия менен биргеликте иштеп чыгуу зарыл", - дейт Боронов.