Коронавирустун омикрон штаммы бүгүнкү күнгө карата 23 өлкөдө катталды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисуска шилтеме берүү менен чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Андагы маалыматта дүйнөнүн 23 өлкөсүндө бул штамм катталды. Бул сан дагы өсүшү толук ыктымал экендигин ДССУнун башчысы брифингде билдирген.
Эскерте кетсек, буга чейин омикрон штаммы алгач Түштүк Африка Республикасында катталып, аз убакытта башка өлкөлөргө да тездик менен тарап жатканы айтылган. Мындан улам бир катар өлкөлөр чектөөлөрдү киргизе баштаган.
Коронавирустун омикрон штаммы тууралуу кабарлар топтун шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз.