"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 97 миллионго чукулдады

Бүгүн, 21-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 96 миллион 823 миң 968 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 53 миллион 328 миң 211 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 73 миң 866 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 24 миллион 432 миң 807 болду. 405 миң 630 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 595 миң 660 адамдан аныкталды. 152 миң 718 адам каза болсо, 10 миллион 245 миң 741 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 8 миллион 638 миң 249 адам вируска кабылган. 212 миң 831 бейтап көз жумса, 7 миллион 618 миң 80 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан