Өткөн суткада 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкекте - 5, Баткен облусунда – 1, Чүй облусунда – 8. Жалпысынан республика боюнча 7 миң 614 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медицина кызматкери айыгып чыкты, үй карантинден – 8 медицина кызматкери айыгып чыкты.