Бир суткада өлкө боюнча дагы 90 жарандан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 2 миң 562ге жетти. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.
Алар:
Бишкек шаары - 36;
Чүй облусу - 29:
Ош шаары - 7;
Ош облусу - 6;
Баткен облусу - 3;
Жалал-Абад облусу - 3;
Талас облусу - 6.
Сутка ичинде ооруну жуктуруп алганы аныкталган бейтаптардын ичинен 12си сырттан келгендер, 42си оорулуулар менен байланышта болгондор. Калган 36 жарандын илдеттин жуктуруп алуу булагы белгисиз.