Өзбекстандын тажрыйбалуу дарыгерлери Тажикстанга көмөк көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти. Алар коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого жардам кылат деп билдиришти Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Тажрыйбалуу кызматкерлердин тобунда анестезиолог, реаниматолог, пульмонолог, эпидемиолог, инфекционист жана вирусолог бар. Алар тажик дарыгерлерине жардам беришет деп айтылат маалыматта.
Тажикстанда 8-май саат 19:30га карата коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 461ге жетти. Анын ичинен 12 бейтап каза болду.