Бүгүн, 13-май саат 10:00гө карата медициналык кызматкерлерден коронавирус аныкталган жок. Ал эми стационарлардан 3 медицина кызматкери сакайып чыкты деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Жалпысынан республика боюнча 241 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталып, бүгүнкү күндө анын 189у ооруканадан чыкты.