АКШ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен болгон бардык мамилени үздү. Бул тууралуу президент Дональд Трамп жар салганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Президенттин ою боюнча дүйнөлүк уюм саламаттыкты сактоо жаатында керектүү, калкка зарыл болгон реформаларды жүргүзө алган эмес.
"Эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна мурда бөлгөн акча каражаттарын Америка Кошмо Штаттары башка уюмдардын эсебине которо тургандыгын билдирген. 19-майда уюмдун дүйнөлүк ассамблеясына катышкан 120дан ашык мамлекеттин өкүлдөрү COVID-19 инфекциясынын жайылыш себеби иликтениши керек деген пикирлери менен бөлүшкөн.
Ал эми Дональд Трамп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун Кытайдын марионеткасы деп атаган. АКШнын президенти дүйнөгө коронавирустун тарап кетишине Кытай жетекчилиги менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун байма-бай күнөөлөп келет", - деп жазылат маалыматта.