Британиялык дизайнерлер учактын келечектеги жасалгасын көрсөттү

Британиялык ойлоп табуучулар учактын келечектеги жаңы жасалгасын (дизайн) көрсөттү. Бул тууралуу "The Sun" басылмасына таянуу менен дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, мындай дизайнды саякатчыларды инфекциядан коргоо максатында жасап чыгышкан. Инновациялык стиль учуу сапатын жана гигиена деңгээлин көтөрө тургандыгы белгиленет анда. Отургучтар коронавирустун микробдорун жок кылуу үчүн ультрафиолет материалдары менен жабдылат.

Ошондой эле аталыштар дагы өзгөрөрү белгиленген: эконом-класс - Pure Skies Zones - ал эми бизнес - Pure Skies Rooms деп өзгөрмөкчү. Мындан сырткары эконом-класстагы орундуктар аралыкты сактоо максатында шахмат түрүндө болорун пландашкан.

Көңүл ачуучу берүүлөрдү көрсөткөн чоң экрандар болбойт анын ордуна смартфондор кошулат. Ал жерден ар ким өзүнүн каалаган контентин көрө алат.
Долбоорду үч жыл ичинде ишке ашыруу пландалууда деп жазылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан