Жакында эле коронавирус инфекциясы расмий түрдө катталган Тажикстанда акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Бибихонум Дарвесзода билдирүү жасаган.
"Акыркы бир сутка ичинде коронавирусту жуктурган адамдардын саны 68 кишиге көбөйдү. Өлкөдө жалпы оорулуулардын саны 720 адамга жетти жана бул илдеттен каза болгондордун саны 23", - деп билдирген басма сөз катчы.
Анын айтымында, учурда өкмөт жана өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана Социалдык коргоо министрлиги коронавирустун алдын алуу жана дарылоо үчүн бардык чараларды көрүп жатышат.
Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана Социалдык коргоо министрлиги өлкөнүн бардык тургундарын жеке гигиена эрежелерин так сактоого жана оорунун белгилери байкалган учурда тез арада жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууга чакырды.