Депутат Бакирдин Субанбеков инвестиция тартуу менен ири завод, фабрикаларды иштетүү жагын колго алуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал өлкөгө кайткан эмгек мигранттарын иш менен камсыздоо маселесин көтөрдү.
"Кара-Балта жана Токмок СССР убагында өндүрүшү жогору өнүккөн шаарлардын бири болчу. Бирок эгемендүүлүк алгандан бери ал шаарлардагы ири өндүрүш жайлары иштебей турат. Алардын баары өкмөттүн карамагында турат. Инвестиция тартуу менен ири завод, фабрикаларды иштетүү жагын колго алышыбыз керек", - деди депутат Бакирдин Субанбеков.