Ысык-Көл облусунда Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген 16 жарандын баары карантинге алынып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облусунун координатору билдирди.
"16 адам келген. Алардын бири 18-мартка караган түнү карантинге алынган. Учурда калган бардык жарандарды карантинге жаткырып жатабыз. Ошондой эле Германиядан дагы эки кыз келген. Алар дагы карантинге алынды", - деди координатор.
Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталганы кабарланган.